Жалад-Абадда көпүрөнүн шылтоосу менен 6 млн. сомду ашык жазып алышкан

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖумушчу көпүрө куруу иштерин кылууда. Архив
Жумушчу көпүрө куруу иштерин кылууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура курулуш ишканаларына Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча айып койду.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын облустук прокуратурасы аталган облустук курулуш башкармалыгы менен Бишкек — Ош автожолунун Башкы дирекциясына жол курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет. 

Көзөмөл органы ишканаларга Кылмыш кодексинин 171-, 304-жана 315-беренелери менен күнөө такты.

Жогоруда аталган ишканалар Сузак районундагы Орто-Сай айылы аркылуу өткөн Көгарт суусуна көпүрө куруу учурунда жасалган иштердин көлөмүн жасалма түрдө көбөйтүп, алты миллион сом каражатты ашык жазып алышкан. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0