Алты миллион сомду кымырып алган аткаминер кармалды

Жазылуу
Коротуп салган алты миллион сомду жабуу үчүн "К" ЖЧК менен курулуш материалдарын сатып алды деп жасалма келишим түзүлгөн.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Түштүк Чоң Чүй каналынын (ТЧЧК) түштүк тарабындагы эс алуу жайында курулуш-монтаж иштерин жүргүзүү учурунда ири өлчөмдө каржылык көз боёмочулук болгон. Муну Башкы прокурата ИИМ менен биргиликте өткөргөн текшерүү учурунда аныктагандыгын аталган көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, Бишкек мэриясынын атаандыштык саясаты башкармалыгы "АБВ" ЖЧК менен Түштүк Чоң Чүй каналын куруу иштери боюнча 12 миллиондук келишим түзгөн. Бирок "АБВ" ЖЧК кытай фирмасынан алты миллион 700 миң сомдук материал гана сатып алган.

Милиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде милициянын майору 100 миң сом пара талап кылып кармалды
Калган алты миллион сомду жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси жеке максатында колдонуп койгон.

Короткон мамлекеттик каражатты жабуу үчүн кум салынган мүшөктөрдү курулуш материалдарды деп берген. Ал эми коротуп салган алты миллион сомду жабуу үчүн "К" ЖЧК менен курулуш материалдарын сатып алды деп жасалма келишим түзгөн.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү коротуу же ээлеп алуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Бул боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0