Өткөрүү пункттарынан мыйзамсыз май ташыган унаалар кармалды

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүЧек ара өткөрүү пункту. Архив
Чек ара өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда 25 тоннадан ашуун ташылып бара жаткан күйүүчү майдын эч кандай документи болгон эмес.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткан эки унаа кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан кармалган унаадан 5,5 тонна, ал эми 5-октябрда Кең-Булуң пунктунан токтотулган машинадан 20 тонна дизель отуну аныкталган. Текшерүү учурунда эки унаанын тең жүктү коштоочу документтери болгон эмес. 

Учурда жагдайдын чоо-жайы иликтенип, окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0