Бир сутка ичинде өлкө аймагында жыйырмага жакын өрт кырсыгы катталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт кырсыгы. Архив
Өрт кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоодон адам өлүмү катталган эмес.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 23 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарында төрт, Жалал-Абадда беш, Чүй облусунда үч, Нарында бир, Талас жана Ош облустарында экиден өрт катталган.

Бактыга жараша? өрт кырсыгынан адам өмүрү кыйылган эмес.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сымкат айылында 4 жаштагы кичинекей баланын шоктугунан 15 боо отун күйүп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0