БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Банктардын биринде мыйзамсыз кирешени адалдоо амалдарынан улам мамлекетке эки миллион сом зыян келтирилгенин ИИМ билдирди.
Текшерүү маалында аты-жөнү пайдаланылган адамдар орто чарба болгондуктан, анча акчага ээ болуусу мүмкүн эместиги аныкталган.
Милиция кызматкерлери салык жана башка төлөмдөрдөн баш тарткан учурларды таап чыкты. Документтерди жасалмалоодон жана башка мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Ош шаарынын прокуратурасына берилди.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.
Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.
Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.
"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.
Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.
Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.