Жалпы суммасы 62 млн. сомдой салык төлөбөй жүргөн фирма аныкталды

Жазылуу
Салык төлөбөй келген компанияга карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жалпысынан 61 миллион 810 миң сом салыкты төлөбөй жашырып келген фирма аныкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "CF Logistik" ЖЧК жасалма документтердин негизинде ири көлөмдө салык төлөөдөн качып, мамлекетке зыян алып келген.

Аталган факты боюнча салык төлөөдөн качуу беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0