Арак ичип отуруп агасын сабап өлтүргөн 30 жаштагы жаран камакка алынды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАйнек идиштеги арак. Архив
Айнек идиштеги арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда жабырлануучунун мээсине доо кетип, баш сөөктөрү сынганы аныкталган. Алган жаракаттарынан улам 33 жаштагы Жалал-Абаддын Токтогул районунун тургуну эсине келбей ооруканада каза болгон.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкектин жаңы конуштарынын биринде мас болуп агасын сабап өлтүргөн 30 жаштагы жаран кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Арак ичип жүргөн аял эки жашар баласын кайда калтырганын билбей калган
Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү аталган жаран борбор калаанын Калыс-Ордо жаңы конушунда жашаган агасыныкына келип, экөө арак ичишкен. Сөздөн сөз чыгып отуруп, ал мушташка айланып кеткен. Натыйжада ур-токмокко алыныган үй ээси эсин жоготкон абалда ооруканага түшкөн.

Текшерүү учурунда анын мээсине доо кетип, баш сөөктөрү сынганы аныкталган. Алган жаракаттарынан улам 33 жаштагы Жалал-Абаддын Токтогул районунун тургуну эсине келбей каза болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары өлгөн адамдын иниси кармалган. 

Учурда Биринчи Май райондук соттун чечими менен ал тергөө камагына алынды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0