Ошто итке атылган ок кайып өтүп жолоочунун башына тийген

Жазылуу
Бул факты кокустук катары катталды. Ал эми октон жабыркаган адам Нариман айылынын тургуну экени аныкталган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ош облусунда ит атуу учурунда ок кокусунан жолдо өтүп бара жаткан кишинин башына тийгенин облустук ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баетовдо почта кызматкеринин бутуна ок тийип, каракчы качып кеткенге үлгүрдү
Анын айтымында, окуя өткөн аптада болгон. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери мэриянын буйругу менен көчөдөгү иттерди атып жүрүшкөн. Ош шаары менен Кара-Суу районунун чектешкен аймагынан итке атылган ок асфальтка тийип, жолдон өтүп бара жолоочунун башына тийген. Кийин анын Нариман айылынын тургуну экени аныкталды.

Ашырбаев октун кайып тийгенинен улам жараты анча оор эместигин, жабыркоочу аймактык ооруканага жаткырылганын маалымдады. Аталган факт милициянын каттоосуна алынган. 

"Жабырлануучу окуяны кокустук катары кабыл алып, арыз жазуудан баш тартты. Мындан улам кылмыш иши козголгон жок", — деди маалымыт катчы.

Ок тийген адам эки күндөн кийин ооруканадан чыгарылган. Учурда анын абалы жакшы экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0