Райондук администрациянын жасалма токтомдору менен жер тилкелери мыйзамсыз берилген

© flickr.com / Kelly SikkemaКүрөк. Архив
Күрөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогултулган материалдар Бишкек шаардык прокуратурага берилип, Кылмыш жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамын бузуу", "документ жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районуна караштуу "Красный строитель" жаңы конушундагы иштеп жаткан суу кампасынын аймагындагы жерлер жеке адамдарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталганын шаардык мэрия билдирди.

Талас облусуна кириш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта жаранга мыйзамсыз ыйгарылган жер айыл өкмөтүнө кайтарылды
Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгы Свердлов райондук администрациясынын жасалма токтомдорунун негизинде аталган жер тилкелерин жеке жактарга пайдалануусу үчүн мамлекеттик актыларды берип келген.

Чогултулган материалдар Бишкек шаардык прокуратурага берилип, Кылмыш жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "жер мыйзамын бузуу", "документ жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0