Рейддин жүрүшүндө акыр-чикирди туура эмес жерге төккөн курулушчулар аныкталды

Жазылуу
Инспекция тарабынан бригадир Мойноковго карата протокол түзүлүп, Свердлов районунун административдик комиссиясына жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы курулушчулар акыр-чикирлерди туура эмес жерге таштап жатканын аныктаган.

Мэрия жолдорду оңдоо үчүн эски бактарды кыюуда
Маалыматка ылайык, аталган инспекция кезектеги текшерүү иштерин жүргүзүп, Чүй проспектисинде жайгашкан жер төлө жайынын жумушчулары курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жыйып жатышканын аныктаган. 

Мекеме мындай аракеттен таштанды чогулуп, шаардын көркүн бузуп жатканын белгилейт.

Натыйжада инспекция тарабынан бригадир Мойноковго карата протокол түзүлүп, Свердлов районунун административдик комиссиясына жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0