БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Учурда №50 түрмөдөн 9 кылмышкердин качуусуна абактын күзөтүү кызматкерлеринин тийиштиги бар-жогун тергөө текшерип жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат катчысы Александр Никсдорф Sputnik агенттигине билдирди.
Ички иштер министрлиги Нижный Нооруз айылындагы №50 түрмөдөн кылмышкерлердин качышына ЖАМКтын күзөтүндө иштегендердин тиешеси болушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.
Никсдорфтун айтымында, учурда ЖАМК кызматкерлеринин кылмышкерлердин качуусуна тийиштиги бардыгы текшерилип жатат.
"Бардык версиялар каралууда", — деди Никсдорф.
Азыр ИИМ изин жашырып кеткен төрт кылмышкерди издеп жатат.
Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>>