Түрмөдөн качкан кылмышкерлер автоунааны алыш үчүн абактын бир кызматкерин кыйнашкан

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качкандар абак жайдын бир кызматкеринин автоунаасын күч менен тартып алып, из жашырып кетишкен.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. №50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер ЖАМКтын үч кызматкеринин бирөөнү өлтүрөр алдында кыйнашканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ыкчам тартиптеги башкы башкармалыгынын жетекчиси Саламат Абдиев билдирди. 

"Аны шейшеп менен байлап алып, сабашкан. Машинанын ачкычын алышкандан кийин аны муунтуп өлтүрүшкөн", — деди Абдиев.

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө изин жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0