Милициянын бөлүм башчысы алдамчылыкка шектелип, кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чогуу бизнес жасоону шылтоолоп, милиция кызматкери ишкердин үч миллиондон ашуун акчасын алып алган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин борбордук аппарат бөлүмүнүн башчысына карата кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматкер 2011-жылдын март айында биргеликте бизнес жасоо шылтоосу менен жарандын ишенимине кирип, 3 миллион 325 миң сомун алдап алып алган.

Мындан улам УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бөлүм башчыга карата "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0