Караколдо үч кишинин өлүмүнө алып келген кылмыштын бети ачылды

Жазылуу
Арак ичип отургандардын ортосунда уруш чыгып, бала бөтөлкөлөштөрүн бычактап салган. Ал эми качып кетүүгө аракет кылган келинди баланын жанындагы шериги кууп жетип, сабап, ошол жерден муунтуп өлтүргөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында үч адамдын өлүмүнө байланышкан кылмыштын бети ачылганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде милиция кызматкерлери Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйдүн короосунан 24 жаштагы аялдын сөөгүн табышкан. Андан кийин сыртынан бекитилген үйдөн дагы эки адамдын өлүгү чыккан. 

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак ичип уруша кеткен үй ээси коногун бычак менен сайып өлтүргөн
Иликтөө учурунда бычактап өлтүрүлгөн эркектерин бири аялдын жарандык күйөөсү экени маалым болгон. Аял ур-токмокко алынгандан кийин муунтуп өлтүрүлгөн.

Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып кылмыш иши козголдон кийинки тергөө учурунда кылмышка шектелип мурда соттолуп, издөөгө алынган 18 жаштагы жаран ата-энесинин үйүндөгү жер төлөдөн табылган. Окуя болгон учурда анын жанында 23 жаштагы аял шериги болгон.

Сурак жыйынтыгында арак ичип отурган адамдардын ортосунда уруш чыгып, бала бөтөлкөлөштөрүн бычактап салганы аныкталган. Ал эми качып кетүүгө аракет кылган келинди баланын жанындагы шериги кууп жетип, сабап, ошол жерден муунтуп салган.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0