ЖАМК: кылмышкерлердин өрттөлгөн документтери калыбына келтирилүүдө

© flickr.com / Rowan SaundersКагаздын күйүшү. Архив
Кагаздын күйүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеме жоопко тартылган жарандарга өкүм чыккандан кийин аларга карата Жаза аткаруу инспекциясы тарабынан жеке иш ачыларын, ага кылмыш иштин материалдары кирбей турганын белгилейт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда кылмышкерлердин өрттөлгөн документтери калыбына келтирилип жатканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алайда кылмышкерлердин документтерин өрттөп жиберишкен
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында кылмышкерлер "Алай таңы" гезитинин терезесинен кирип, эшигин талкалап, бир кабат төмөн жайгашкан инспекцияга киришкен. Ал жерден соттолгон жарандардын, каттоодогу адамдардын жана издөөгө алынгандардын документтерин алып чыгып, коңшу бөлмөдөн өрттөп жебирешкен.

ЖАМК жоопко тартылган жарандарга өкүм чыккандан кийин аларга карата жаза аткаруу инспекциясы тарабынан жеке иш ачыларын белгилейт. Ишти ачуу үчүн инспекцияга сот органдары өкүм жана анын күчүнө киргендиги тууралуу гана маалымат жиберет. Бул документ жашыруун болбойт. 

Инспекциянын жетекчиси Айгүл Каткелдиеванын айтымында, жеке иштерге кылмыш ишинин материалдары тиркелбейт. Мындан улам аларды калыбына келтирүү көп убакытты албайт.

Аталган факт боюнча Алай РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү адамдардын дайын-дарегин тактоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0