Түрмөдөн качкан кылмышкерлер "Дордой" базарынын айланасынан изделүүдө

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Качкындардын жашынган жери тууралуу алгачкы маалымат мурдагүнү пайда болуп, анда ИИМ кызматкерлери Ботаникалык бактын айланасын тинтип чыгышкан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. "Дордой" базарын түндө милиция кызматкерлери курчоого алып, учурда анын айланасынан түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер изделип жатканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, түндө качкындар жүрүшү мүмкүн делген жерлер тууралуу маалымат түшкөн. Дароо базардын айланасы курчоого алынып, учурда милиция аталган аймак менен "Энесай" жаңы конушун тинтүүдө.

Тут мне прислали фото с "Дордоя", говорят, с полуночи там идет поиск этих сбежавших зэков.

Posted by Жылдызбек Керимбаев on 15 октября 2015 г.

ИИМ кызматкерлери тарабынан  Дордой базарында издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Качкан кылмышкердин бири жок кылынды
Качкындардын жашырынган жери тууралуу алгачкы маалымат мурдагүнү пайда болгон. ИИМ кызматкерлери Ботаникалык бактын айланасын тинтип чыгып, бирок андан эч майнап чыккан эмес.

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Ооруканага жеткирилген ал кызматкер бүгүн түнү эсине келбестен каза болду.

Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Учурда алар изделип жатат. УКМК кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом өлчөмүндө каражат бере турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0