УКМК: сот департаментинин Ош башкармалыгы 5 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган

Жазылуу
Башкармалык планга кирбеген сот имараттарын оңдотуу үчүн тендер өткөрбөстөн, беш миллион сомдон ашуун каражатты курулуш компаниясынын эсебине которуп жиберген. Текшерүү маалында аткарылган иштин көлөмү көрсөтүлгөн акчага төп келбей калган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик казынага беш миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин УКМК билдирди.

Кишен жана аскердик форма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто аскер-соода башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, 2014-жылы жергиликтүү сот имараттарын куруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү планына ылайык башкармалыкка 22 миллион 502 миң сом бөлүнгөн. Тендер жыйынтыгы менен "Чин-Алин" компаниясы жеңүүчү деп табылып, аталган сумманын 5 миллион 831 миң сому планга кирбеген Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондук сот имараттарын оңдоо үчүн ишкананын эсебине которулган. 

Текшерүү учурунда ремонт иштери болгону 782,1 миң сомго аткарылганы белгилүү болгон.

Коррупцияга каршы кызматтын чогулткан материалдарынын негизинде Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документ жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0