Жок кылынган кылмышкер кармоо учурунда милицияга активдүү каршылык көрсөткөн

© Sputnik / Табылды КадырбековДуло автомата Калашникова. Архивное фото
Дуло автомата Калашникова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы конуш курчоого алынып, анын айланасынан түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлерди издөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жок кылынган кылмышкер Данияр Кадыралиев кармоо учурунда активдүү каршылык көрсөткөнүн Бишкек ШИИБ билдирди.

Бүгүн түнү милицияга түрмөдөн качкан кылмышкерлер "Дордой" базарынын жанындагы "Энесай" жаңы конушунда жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. 

Иликтөө иштеринин аркасында Данияр Кадыралиев атып өлтүрүлгөн. Учурда жаңы конуш курчоого алынып, анын айланасынан түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлерди издөө жүрүп жатат.

Түрмөдөн качкандар изделип жатат. Түз алып берүү токтотулду
Милиция кызматкерлери ар бир үйгө баш багып, короо-жайларын кароодо.

Дүйшөмбүгө караган түнү №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Ооруканага жеткирилген ал кызматкер бүгүн түнү эсине келбестен каза болду.

Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырганга үлгүргөн. Иликтөө иштеринин аркасында бүгүн анын бири атып өлтүрүлдү. 

УКМК кылмышкерлердин жайгашкан жери тууралуу так маалымат берген жаранга 300 миң сом өлчөмүндө каражат бере турганын билдирген.

"Энесай" жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды
Энесай жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды - Sputnik Кыргызстан
"Энесай" жаңы конушунун бир бөлүгү курчоого алынды

Жаңылыктар түрмөгү
0