Салык кызматынын башкы инспектору 600 доллар пара алып кармалды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору салык төлөтүү коркунучу менен 1200 доллар пара талап кылган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын башкы инспектору 600 доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Милиционердин фуражкасы, акча жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде милициянын майору 100 миң сом пара талап кылып кармалды
Маалыматка ылайык, аталган кызматкер ири көлөмдөгү салык чегерүү опузасы менен шаар тургунунан 1200 доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Инспектор аталган сумманын теңин алып жатканда Коррупцияга каршы кызматтын өкүлдөрү колго түшүрүшкөн.

Бул боюнча инспекторго карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0