БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Сокулук районунда түрмөдөн качкан Азамат Мусуралиев жок кылынды. Аны менен чогуу Алтынбек Итибаев болушу мүмкүн деп учурда милиция издөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Алтынбек Итибаев депутат Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген айып менен соттолгон.
Мусуралиев бүгүн Арал айылындагы кашарлардын биринен жок кылынган.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.
Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.Укук коргоо органдары түрмөдөн качкандардын жашынган жери жөнүндө маалымат бергендерге бир миллион сом сыйлык бериле турганын билдирген. Ошондой эле, 0(312) 26-60-27, 0(312) 66-23-31, 26-60-66, (555) 32-00-22, 0(555) 32-00-22, 0 (702) 90-50-39, 0 (555) 70-95-78, 0(558) 20-21-02 номерлерине кабарлар коюну өтүнөт.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Алтын-Ордо конушунун 7-көчөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө саат 13:00дө бир бөлүм тартылса, 13:11де экинчи бөлүм жөнөп кеткен.
Өрттүн себеби белгисиз. Кошумча маалымат берилет.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.