Түрмөдөн качып кармалган кылмышкердин бири каза болду

Жазылуу
Таалайбек Жуманов 1970-жылы Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Тельман айылында туулган. 2012-жылы Аламүдүн райондук соту аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Таалайбек Жуманов абакта жатып каза болгонун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып, анын бешөө кайра кармалган. Төртөө издөөгө алынып, анын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда, дагы бирөө Азамат Мусуралиев бүгүн Сокулукта жок кылынды.

Спецназ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: түрмөдөн качкан Азамат Мусуралиев жок кылынды
Алдын ала маалымат боюнча, Жуманов жүрөк оорусунан каза болгон.

Таалайбек Жуманов 1970-жылы Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Тельман айылында туулган. 2012-жылы Аламүдүн райондук соту аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан.

Түрмөдөн качып чыккандыгы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгондуктан, Жуманов 1-түрмөдө камакта отурган. Учурда анын каза болгонуна байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0