Түрмөдөн качып кармалган кылмышкердин дагы бири каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековИсправительная колония. Архивное фото
Исправительная колония. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кенжекуловду ден соолугу кескин начарлагандыктан, түрмөдөн 47-түзөтүү колониясынын ооруканасына атайын этап менен алып келишкен. Ага чейин ал 1-абакта өзүнчө камерада камакта болчу.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Бакыт Кенжекулов бүгүн түнү саат 04.00дө 47-түзөтүү колониясынын ооруканасында жүрөгү кармап каза болгонун ЖАМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Кенжекулов колониянын борбордук ооруканасына 1-түрмөдөн атайы этап менен жеткирилген. 

Түрмөдөн качкан Данияр Кадыралиевди жок кылуудан кийин тартылган оперативдүү тасма
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

Атайы операция учурунда качкындардын бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынса, 20-октябрь күнү дагы бири Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.

Ошол эле күнү кармалган беш кылмышкердин бири Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан каза тапканы белгилүү болгон.

Кенжекуловдун өлүмү боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0