ИИМ: түрмөдөн качкандарды издөө үзгүлтүксүз жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКакчындарды издөө иштери. Архив
Какчындарды издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качкандардын экөө жок кылынган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. №50 түрмөдөн качып чыккандардын ичинен кармала элек эки кишини издөө бүгүн да Сокулук районунун, анын ичинен Камышановка аймагында улантылууда. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Кечээ, 20-октябрда качкандардын дагы бири Азамат Мусуралиев Сокулуктун Арал айылындагы мал сарайлардын биринен жок кылынган

Түрмөдөн качып кармалган кылмышкердин дагы бири каза болду
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада  каза болду.

Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам, Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.

Укук коргоо органдары түрмөдөн качкандардын жашынган жери жөнүндө маалымат бергендерге бир миллион сом сыйлык бериле турганын билдирген. Ошондой эле, 0(312) 26-60-27, 0(312) 66-23-31, 26-60-66, (555) 32-00-22, 0(555) 32-00-22, 0 (702) 90-50-39, 0 (555) 70-95-78, 0(558) 20-21-02 номерлерине кабарлар коюну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0