Сүлүктү шаарындагы шахтада үч адам газга ууланып каза болду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКөмүр шахтасы. Архив
Көмүр шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар шахтадагы газдын көлөмү чегинен ашып кеткенин аныкташкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Сүлүктү шаарындагы шахтадагы үч адам газга ууланып каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кант шаарында спринтер менен жеңил унаа кагышып, эки адам каза болду
Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда түштөн кийин саат 4:20 чамасында болгон. Аталган шахта "Матазим" ЖЧКсына караштуу. Каза болгондорду жана жабыркагандарды шахтадан шахтёрлор өздөрү чыгарышкан. Кечки саат 6:40 чамасында ӨКМдин алты куткаруучусу барып, газдын ченемин текшеришкен. 

Жабыркаган эки адам Сүлүктү шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жана каза болгон үч адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0