Кыргыз-казак чек арасында качкындарды издөө иштери жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКачкындаргды издөө иштери. Архив
Качкындаргды издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качкан кылмышкерлерди издөөгө Чек ара кызматы да тартылган. Учурда эки качкын эркиндикте жүрөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Чек арачылар Жайыл районунун кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан Степное аймагында издөө иштерин жүргүзүп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Казакстандын чек арачылары аталган өлкө аймагында Степное заставасына жакын жерде эки адам жүргөндүгү тууралуу маалымат беришкен. Аралыктын алыстыгынан улам алардын жаш курагын жана башка белгилерин аныктоо мүмкүн болгон эмес. 

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн качып чыккан кылмышкерди издөө иштерине чек арачылар да тартылган. Мындан улам өткөрүү пункттарында көзөмөл күчөтүлгөн.

Түрмөдөн качып кармалган кылмышкердин дагы бири каза болду
Чек ара кызматы аймакты тинтүү иштери азырынча натыйжа бере электигин белгиледи. Чек арачылар укук коргоо органдары жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте Степное айылы жана ага жакын жайгашкан аймактарда издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экени маалымдалууда.

ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качкан тогуз кылмышкердин бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө жашырынып кетүүгө үлгүргөн. Алардын экөө атайын операция учурунда жок кылынса, дагы кармалган беш кылмышкердин экөө ооруканада каза болушту.

Учурда качкан кылмышкерлердин үчөө камакта отурса, экөө кармала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0