БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып кармалган беш кылмышкердин бири Муратбек Жумалиев каза болгонун ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин жүрөк оорусунан Таалайбек Жуманов каза болуп, ал эми бүгүн Бакыт Кенжекуловдун өлгөнү белгилүү болду.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн эртең менен 33 жаштагы Жумалиевдин ден соолугу кескин начарлап кеткен. Мындан улам анын каны алмаштырылган. Бирок бул Жумалиевге жардам берген эмес.Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган үч ЖАМК кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылышкан. Ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.
Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө из суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынса, 20-октябрь күнү дагы бири Азамат Мусуралиев өлтүрүлдү.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.