Жолдогу ээнбаштык: капотко жабышкан инспектор, темир тордун артындагы улан

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадИнспектор ДПС которого подросток прокатил на капоте авто
Инспектор ДПС которого подросток прокатил на капоте авто - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя көз ачып-жумганча болуп кеткендиктен, бутумдан ажырап майып болом деген ой келе түшүп, дароо капоттун үстүнө өзүмдү таштадым деп айтып берди инспектор.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Акыркы учурда Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочулардан жабыр тарткан учурлар арбын кездеше баштады. 2014-жылдын февраль айында баш ийбеген айдоочунун капотунда бир нече жүз метрге чейин сүйрөлүп барган инспектор бурула бергенде карга түшүп, жеңил жаракат менен аман-эсен калган. Мындай окуя быйылкы жылдын май айында да кайталанды. 

Бул сапар окуя Жалал-Абад шаарында болгон. Аталган калаада атайын рейд учурунда качкан айдоочудан жабыркап, башына операция жасалган Жол кайгуул кызматынын инспектору Нурлан Асанбеков жакында ооруканадан чыкты. Бирок, дарыгерлер анын эки аптадан кийин кайра ооруканага жатыш керкетигин айтышты. Ал эми инспектордун капотто жаткан тейинче унаасын айдап кеткен 17 жаштагы Арстан Төрөгелдиев убактылуу кармоо жайында отурат. Анын авдокаты Назгүл Сүйүнбаева корголуучусуна 341-берене менен кылмыш ишин козгоого макул эмес. 

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадАтайын рейд учурунда качкан айдоочудан жабыркап, башына операция жасалган Жол кайгуул кызматынын инспектору Нурлан Асанбеков жакында ооруканадан чыкты
1/2
Атайын рейд учурунда качкан айдоочудан жабыркап, башына операция жасалган Жол кайгуул кызматынын инспектору Нурлан Асанбеков жакында ооруканадан чыкты
© пресс-служба УВД города Жалал-Абад300 метрге чукул аралыкка барып, кескин бурганда, милиция кызматкери капоттон учуп түшүп, жерге башы менен тийип эс-учун жоготкон
2/2
300 метрге чукул аралыкка барып, кескин бурганда, милиция кызматкери капоттон учуп түшүп, жерге башы менен тийип эс-учун жоготкон
1/2
Атайын рейд учурунда качкан айдоочудан жабыркап, башына операция жасалган Жол кайгуул кызматынын инспектору Нурлан Асанбеков жакында ооруканадан чыкты
2/2
300 метрге чукул аралыкка барып, кескин бурганда, милиция кызматкери капоттон учуп түшүп, жерге башы менен тийип эс-учун жоготкон

Sputnik маалымат сайты окуянын өрчүшүнө кайрылып жана тараптардын пикирин билди. 

Инспекторго каршылык көрсөтүп, денесине залал келтирген 17 жаштагы айдоочу кармалды
ИИМ 28-сентябрда Жалал-Абад шаарында караңгылатылган айнектүү автоунаалар боюнча жүргүзүлгөн атайын рейд учурунда айдоочу Жол кайгуул кызматынын инспекторуна каршылык көрсөтүп, жүрүп кетүүгө аракеттенгендигин маалымдаган. Андан улам инспектор өзүн көздөй катуу келе жаткан автоунаанын капотуна секирип чыгууга мажбур болгон. 300 метрдей жүрүп барып, кескин бурганда, милиция кызматкери капоттон учуп түшүп, жерге башы менен тийип эс-учун жоготкон абалда облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Биз Жол кайгуул кызматынын жабыркаган инспектору Асанбеков менен байланышып, окуя кандайча болгонун өз оозунан уктук. Ал ооруканадан чыккандан бир нече күн болгонун, бир аз тыным алгандан кийин кайра дарыланууга мажбур экенин айтып берди.

Жабырланган инспектор Нурлан Асанбеков диагнозун айтып берди

"Мээм чайкалган, баштан моюнга карай кеткен баш сөөк жана моюн сөөк сынган. Баш сөөк сынганда тери шишип кетип жарылбай калып, кан мээге куюлуп уюп калган. 30-сентябрда операция жасалып, баш сөөгүмдү ачып, мээге куюлган канды тазалашты ", — деди Асанбеков. 

Медсестра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мастардын кол салуусунан жабыркаган инспектор реанимацияда жатат
Окуя болгон жерде рейд күнү ИИМдин облустук жетекчилери — Жол кайгуул кызматынын биринчи орун басары Кылыч Рыспаев, облустук Ички иштер башкармалыктын биринчи орун басары Нурдин Насыркулов болгон. Инспекторду капотуна сүйрөй качып кеткен айдоочуну да алар кармап келишкен.

Окуя туурасында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Дияр Курбанов иш азыр тергөөдө экенин, айдоочу Төрөгелдиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси менен иш козголгонун маалымдады. Учурда ал Жалал-Абаддагы убактылуу камак жайында отурат. 

"Айнектери караңгылатылган автонуаалар боюнча рейд учурунда Арстан Төрөгелдиев жол чекесинде музыка угуп турган. Текшергенде айдоочулук күбөлүгү жок болгондуктан, эшикти жаба калып, айдап кеткен. Эмне үчүн анттиң деген сурообузга "коркуп кеттим" деген жообун айтты. 265 метрге чейин капотко жармаштырган тейде алып барып, катуу бурганда Асанбеков башы менен жерге тийип, катуу жаракат алган. Ал башынан операция болуп чыкты. Иш азыр тергелип жатат", — деди Курбанов. 

Ал эми Төрөгелдиевдин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева кылмыш иши туура эмес берене менен козголуп жатканын айтып, милиция капоттун үстүнө өзүн таштаганы туура эмес деп эсептейт. 

Адвокат Назгуль Суюнбаева өзүнүн пикирин билдирди

"Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Биз Жол кайгуул кызматынын кыймыл-аракетине баа бергенге аракет кылуудабыз. Алар да туура эмес кылып жатат, себеби, автоунаа жолдо жүүп баратан эмес, токтоп турган. Автоунаага алар келишкен. Инспектор капотко өзүн таштаганы дагы туура эмес. Андыктан, Төрөгелдиевдин кыймыл-аракетине туура эмес баа берилген. Алар айтып жаткан 341-беренедегидей бийлик кызматкерине карата эч кандай күч колдонгон эмес", — деди жактоочу Сүйүнбаева. 

Жабыркаган инспектор Асанбеков ал жагдайда капоттун үстүнө өзүн таштагандан башка арга калбагандыгын айтат. Рейдде Төрөгелдиевдин айдоочулук күбөлүгү жок экенин аныктагандан кийин, айып короого алып бармай болушкан. 

Жабырланган инспектор Нурлан Асанбеков окуяны баяндап берди

"Ал автоунаасын өзүм айдап барам деп туруп алды. Жанымдагы өнөктөшүм жанына отуруп баруу үчүн жүргүнчү жагына келип эшигин ачайын дегенде, автоунааны ичинен бекитип, айдап жөнөдү. Мен унаанын алдында турган элем, качканга мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Оңго да, солго да качсам жыгылат элем да, бутум дөңгөлөк алдына калмак. Көз-ачып жумганча, бутумдан ажырап майып болом деген ойдо болдум да, дароо капоттун үстүнө өзүмдү таштадым. Себеби башка жол жок эле",— деп айтып берди Асанбаев. 

Асанбековдун жактоочусу Жекшен Арапбаев 17 жаштагы Арстан Төрөгелдиев убактылуу кармоо жайына отурганын, тергөө иштери бүткөндөн кийин, иш сотко өткөрүлөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0