Ток уруп өлдү деп жерге берилген аялды күйөөсү сабап туруп өрттөп жибергени аныкталды

© flickr.com / FeansЭркектин муштуму. Архив
Эркектин муштуму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялды коюп келгенден кийин энеси кызынын кырсыктан өлгөнүнө күмөнсүп милицияга кайрылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары өлгөн аялдын күйөөсү кармалды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өзгөн районунда ток уруп өлдү деп жерге берилген аялдын күйөөсү аны сабап туруп өрттөп жибергени аныкталганын райондук ИИБ билдирди.

Кол кишенчен адамадар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түптө бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен балталап кеткен 17 жаштагы эки бала кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Өзгөндүн Мырза-Аке айылынын 43 жаштагы тургуну каза болгон. Аны күйөөсү нан бышырып жатканда плита жарылып кетип ток уруп өлгөнүн маалымдайт. Буга ишенбеген аялдын энеси сөөк жерге берилгенден кийин милицияга кырсыктын чоо-жайын териштирүү арызы менен кайрылган.

Сөөктү кайра казууга уруксат алынгандан кийин сот-медициналык экспертиза дайындалып, натыйжада аялдын денесинен соккунун белгилери табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары аялдын күйөөсү кармалды.

Иликтөө учурунда жарылып кетти делген плитанын оң экени аныкталып, от жагылбаган үйдө жана дааратканадан дагы бир катар далилдер табылган. Алардын негизинде суракка алынган үй ээси эки күн мурун аялы менен чатакташа кетип катуу сабап, үйгө сүйрөп келгенин ажана коңшулары менен туугандарына көрсөткөндөн уялып, аялын от жагылбаган үйдө кармаганын айткан. 

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарын өлтүрүүгө ниеттенген эне андан кийин өз өмүрүн кыюуга аракет кылган
Эгер ошол маалда аялга медициналык жардам көрсөтүлгөндө, анын аман калышы ыктымал болчу деп айтылууда. Аялы дем албай калгандан кийин жоопкерчиликтен корккон күйөөсү плитанын жарылгандыгы тууралуу уламышты ойлоп таап, үстүн эски-уску чүпүрөк менен жаап туруп денени өрттөп жиберген.

Жубайлар көп жылдан бери бирге жашап, беш баланын ата-энеси болгон. 

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0