Качкын кылмышкер Эдил Абдырахманов кармалды

Жазылуу
Учурда түрмөдөн качып чыккан кылмышкердин бири Алтынбек Итибаев эркиндикте жүрөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып чыккан 29 жаштагы Эдил Абдырахманов "Ала-Тоо" айылында кармалганын ИИМ билдирди.

Буга чейин анын "Туңгуч" кичирайонунда байкалганын, аймак курчоого алынып тинтүү иштери жүрүп жатканы маалымдалган. 

Өткөн аптанын башында Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкери өлтүрүлүп, дагы бири оор жарадар болгон. Ал беш күндөн кийин ооруканада эсине келбей жатып көз жумган.

© пресс-служба ГСИН КРАбдрахманов Эдил Алимжанович
Абдрахманов Эдил Алимжанович - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов Эдил Алимжанович
Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.

Учурда түрмөдөн качып чыккан кылмышкердин бири Алтынбек Итибаев эркиндикте жүрөт.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынла көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0