УКМК Бишкекте бир катар жардыруунун алдын алды

© пресс-служба ГКНБГКНБ: в Бишкеке члены МТО пытались организовать серию терактов
ГКНБ: в Бишкеке члены МТО пытались организовать серию терактов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран эл аралык террористтик топтун активдүү мүчөсү экенин моюндап, укук коргоо органдарынын имараттарын жардыруу боюнча борбордук бөлүктөн тапшырма алганын билдирди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин жака-белиндеги райондордун биринен эл аралык террористтик топтун активдүү мүчөлөрү болгон Кыргызстандын эки жараны кармалганын УКМК билдирди.

© пресс-служба ГКНБТекшерүү учурунда колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган
1/2
Текшерүү учурунда колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган
© пресс-служба ГКНБМындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, курал-жарак алынган.
2/2
Мындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, курал-жарак алынган.
1/2
Текшерүү учурунда колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган
2/2
Мындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, курал-жарак алынган.

Маалыматка ылайык, тыюу салынган уюмдун мүчөсү болгон жаран жакын арада укук коргоо органдарынын имаратын жардырууну пландаштырып келген. Текшерүү учурунда анын жанынан колго жасалган жардыруучу зат өндүрүлүүчү материалдар, майдаланган күкүрт, кислота куюлган бөтөлкө, жардырууну ишке ашыра турган уюлдук телефондор табылган.

Улуттук Гвардиянын аскери автомат менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Чүй облусундагы террорчуну кантип кармалгандыгын айтып берди
Мындан тышкары, чабуул жасала турган имараттардын планы, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча нускамалар, экстремисттик мазмундагы диний адабият, жихадга чакырган баракчалар, курал-жарак алынган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран террористтик уюмга тиешеси бар экенин мойнуна алып, имараттарды жардыруу боюнча эл аралык топтун борбордук бүлүгүнөн тапшырма алганын билдирди. Ага катар жанындагы шериги да кармалганы маалымдалды.

Кылмыш иши козголгон жарандар камакка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0