Итибаевди кармоо боюнча атайын операцияны ИИМ башчысы Турганбаев жетектеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр Мелис Турганбаев. Архив
Министр Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын операция жүрүп жаткан кичи райондун аймагы милиция тарабынан курчоого алынды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда "Достук" кичи районунда милиция менен атышып жаткан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча ИИМдин атайын операциясын министр Мелис Турганбаев өзү жетектеп жатат.  Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Министр Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Итибаевди кармоо боюнча атайын операцияны ИИМ башчысы Турганбаев жетектеп жатат
Ал жашырынган  8- "Б" номурлуу  үйдүн жашоочулары сыртка чыгарылып, ал жерди атайын даярдыктагы аскерлер курчап турат.

Буга чейин ИИМ ал жалгыз атышып жатпаганын,  ага жардам Берген кимдир бирөөлөр экенин билдиришкен.

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0