Итибаевди кармоо операциясында бир милиция кызматкери курман болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер Итибаевди кармоо операциясында ИИМ бир кызматкеринен айрылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда "Достук" кичи районунда милиция менен атышып жаткан Алтынбек Итибаевди кармоо аракетинин жүрүшүндө милициянын бир кызматкери курман болду. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигинине ИИМдин өкүлү билдирди.

Окуянын жагдайлары азырынча такталып жатат.

ИИм кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Итибаев жок кылынды. Атайын операция аяктады
Учурда атайын операция уланууда.

Буга чейин ИИМ ал жалгыз атышып жатпагандыгын,  ага жардам берген кимдир бирөөлөр бар экенин  билдиришкен.

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0