Алтынбек Итибаев жок кылынды. Атайын операция аяктады

Жазылуу
"Достуктагы" ИИМдин атайын операцияны министр Мелис Турганбаев өзү жетектеп жаткан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Түрмөдөн качып, учурда "Достук" кичи районунда милиция менен атышып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынды. Бул туурасында ИИМдин өкүлү билдирди.

"Достуктагы" ИИМдин атайын операциясын министр Мелис Турганбаев өзү жетектеп жаткан.

Буга чейин ИИМ ал жалгыз атышып жатпагандыгын,  ага жардам Берген бирөөлөр бар экенин билдиришкен.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Турганбаев кылмышкер Итибаев жалгыз атышкандыгын тастыктады
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0