Кылмышкер Итибаевди жок кылуу боюнча атайын операция бүткөн жерде жарылуу болду

Жазылуу
Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Борбор калаанын "Достук" кичи районунда түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча операция жаңы эле аяктаган.

Поиски беглецов заключенных - Sputnik Кыргызстан
Батирде калган гранатаны саперлер зыянсыздандырды
Буга чейин операция учурунда милициянын атайын даярдыктагы кызматкери (СОБР) жана дагы бир жай жаран каза болду.

Ал эми издөөдөгү кылмышкер, милиция менен атышкан Алтынбек Итибаев жок кылынды.

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Дагы бирөө Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болду.

Издөөдө Итибаев жалгыз калган эле.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынла көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0