Батирде калган гранатаны саперлер зыянсыздандырды

Жазылуу
Итибаев өлөр-өлгүчө ок жаадырган батирден граната табылды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаанын "Достук" кичи районунда түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаев жок кылынгандан кийин, анын батириндеги гранатаны саперлер зыянсыздандырды. Бул туурасында ИИМдин маалымат өкүлү билдирди.

Буга чейин аталган жерде жарылуунун болгондугун кабарлашкан.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алдын ала божомолдоолор боюнча, Итибаев менен кошо анын эки шериги да жок кылынды
Жаңы эле аяктаган атайын операцияда Алтынбек Итибаев жок кылынды

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болду.

Издөөдө Итибаев жалгыз калган эле.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынла көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0