Министр Турганбаев кылмышкер Итибаев жалгыз атышкандыгын тастыктады

Жазылуу
ИИМ жетекчиси батирге киргенде кылмышкер Итибиевдин гана өлүгүн көрүшкөнүн билдирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik.  Борбор калаанын  "Достук" кичи районунда милиция менен атышкан кылмышкер Алтынбек Итибаев батирде жалгыз болгон. Бул туурасында Ички иштер министри Мелис Тургунбаев Sputnik маалымат агенттигинине билдирди.

"Биз атайын операция  бүткөндөн соң үйгө киргенде Итибаевдин өлүгүн гана таптык", — деди Турганбаев.

Буга чейин ИИМдеги жеке булактар анын жанында эки шериги болгондугун айтышкан, бирок бул маалыматты министр жокко чыгарды.

Кылмышкер Итибаев жашынып алып атышкан батир кимге таандык экендиги такталып жатат. 

Жаңы эле аяктаган атайын операцияда Итибаев жок кылынды

Буга чейин аталган операциядан милициянын атайын даярдыктагы кызматкери (СОБР), бир жай жаран каза болду.

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болду.

Издөөдө Итибаев жалгыз калган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0