Россиянын ИИМ: Крымсктагы кыргызстандык жаран өз үйүнөн граната жардырып жиберген

© flickr.com / Hadley Paul GarlandГраната. Архив
Граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдын айтуусунда, дат баскан гранатаны жарым жыл мурун таап алып, ошондон бери үйдө сактап келген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын Краснодар крайындагы Крымск шаарында жашаган кыргызстандык жаран шаршемби күнү өз үйүнөн граната жардырып ийгенин аталган өлкөнүн ИИМнын Краснодар крайы боюнча башкармалыгы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, граната жардырылган үйдөн мас абалындагы жарадар эркек киши табылган. Тез жардам медициналык кароодон өткөрүп, тийиштүү жардам бергенден кийин милиция аны суракка алган.

"Кыргызстандык жаран дат баскан гранатаны жарым жыл мурун таап, ошондон бери үйүндө сактап келиптир. Шаршемби күнү арак ичип алгандан кийин гранатаны текшерип көрүүнү чечет. Шакекчесин тартып ийип, акыркы секунддарда гранатаны бөлмөнүн бурчуна ыргытып ийген", — деп айтылат билдирүүдө.

Рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаран Россиядагы үйүнө 47 мигрантты каттаган
Жардыруудан башка жарандар жана үйлөр жабыркаган эмес.

Учурда ИИМ бул боюнча "курал-жарак, ок-дарыны мыйзамсыз сатып алуу, берүү, алып жүрүү, ташуу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Аталган берене боюнча кылмыш кылган адам төрт жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0