Үч кишинин өмүрүн алган Итибаевди кармоо операциясынын хронологиясы

© Sputnik / Каныбек БейшенбековАтайы операция жүргөн үй.
Атайы операция жүргөн үй. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 2015-жылдын 22-октябрында коркунучтуу кылмышкер өлкөнүн Ички иштер министрлиги менен төрт сааттан ашык убакыт атышып, атайын операция үч кишинин өлүмү менен аякташы бир топко унутулбай турган окуя болду.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Качып жүргөн кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча ИИМдин атайын операциясы Бишкек шаарынын батыш тарабында жайгашкан "Достук" кичи районунда кечке жуук башталды.

Sputnik маалымат агенттиги атайын операциянын жүрүшү туурасында маалыматтардын хронологиясын мүнөттөп топтогонго аракет кылды.

Алгач, качып жүргөн кылмышкер Алтынбек Итибаев менен милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын "Достук" кичи районунда атышуу болуп жаткандыгы туурасында маалымат түштү. 

18:00-18:30. ИИМдин ыкчам тобу түрмөдөн качкан кылмышкер Алтынбек Итибаевди издеп, "Достук" кичи районундагы 8-Б номурлуу үйдү текшерип, анын үчүнчү кабатындагы батирдин эшигин каккылаганда ичкериден ок атылган

18:30. Ал жерге ИИМдин "Барс" деп аталган атайын даярдыктагы ыкчам отрядынын өздүк курамы чакырылып, министрликтин жеке курамы түп көтөрүлө операцияга тартылган. Алардан сырткары, шаардын башка кызматтары да келген. Итибаев жашынган үй курчоого алынат. 

«Достук» кичи районунда атайын операция жүргөн жер
«Достук» кичи районунда атайын операция жүргөн жер - Sputnik Кыргызстан
«Достук» кичи районунда атайын операция жүргөн жер

18:40. "Достук" кичи районундагы 8-Б номурлуу үч кабат үйдөгү атышуу айыгышкан түрдө өткөндүгүн айтышты. Качкын кылмышкер Итибаевди кармоо боюнча операциясын ички иштер министри Мелис Турганбаев жетектеди

Курман болгон жоокер Исмаилов менен коштошуудагы аза кайгысы
18:50. Атышуу учурунда ИИМдин кызматкери колунан жаракат алды.

18:55. Атышуу жүрүп жаткан аймакка берилген жаратылыш газы коопсуздук үчүн өчүрүлдү. 

Ушул эле учурда шаардык медициналык "103" "Тез жардам" кызматына операция жүрүп жаткан жерге нөөмөт менен медиктердин эки бригадасын жөнөтүү суранычы келип түшкөн. 

Милиция кызматкелери менен атышып жаткан Алтынбек Итибаев күчтүү куралданган. 

19:00. Алтынбек Итибаев жашырынып жаткан үйдү камалоо башталган. 

ИИМдин "Барс" деп аталган атайын даярдыктагы ыкчам отрядынын 37 жаштагы жоокери Төлөбек Исмаилов башына тийген октон курман болду.

20:10. Атышып жаткан Алтынбек Итибаев ал жерде жалгыз эместигин ИИМдеги булак билдирди.

21:20. Sputnik маалымат агенттиги атайын операция жүрүп жаткан жерден видео жазууну алды.

22:00. Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча атайын операциянын экинчи варианты башталгандыгын ИИМдин маалымат катчысы билдирди. 

22:10. Кылмышкер Итибаев жок кылынып, ИИМдин атайын операциясы аяктагандыгын кабарлашты

22:15 Атайын даярдыктагы ыкчам отрядынын жоокери курман болгондугун ЖМКлар маалымдай баштады. 

22:45. Атайын операция учурунда ИИМдеги булактар жай жаран каза тапкандыгын, ал кандайча болгонун эксперттер тактап жатканын айтышты.

22:03. Окуя болгон жерде жүргөн Sputnik маалымат агенттигинин журналисти операция жүргүзүлгөн үйдө жарылуу болгондогун кабарлады. 

23:08. Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча атайын операцияда аны менен кошо жанында жүрдү деп айтылган эки шериги да жок кылынышы мүмкүндүгүн ИИМдин өкүлү билдирди. 

23:23. Итибаев жок кылынгандан кийин, ал жашынган батирдеги гранатаны саперлер зыянсыздандырды деген маалымат келип түштү.

00:00. Атайын операцияга жетекчилик кылган ички иштер министри Мелис Турганбаев кылмышкер жалгыз атышкандыгын Sputnik агенттигине телефон аркылуу билдирди. Министр анын жанында эч ким болбогондугун, операция бүткөндөн соң үйгө киргенде Итибаевдин өлүгү табылганын айтты.

00:30. Sputnik маалымат агенттигине атайын операция жүргөн үйдүн жашоочусу окуя кандай болгонун, элдин көбү эвакуацияланбаганын айтып берди.

Көп кабатту үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курман болгон жоокер Исмаиловдун үй-бүлөсүнө өкмөт үч бөлмөлүү үй берет
00:15. Батирден чыккан отту өчүрүп жаткан өрт өчүрүү кызматынын инспекторлору үчүнчү кабаттан буюм-тайымдарды жерге ыргытышты. 

01:45. Жүргүзүлгөн атайын операция учурунда эки жай адам каза тапкандыгын ИИМдин өкүлү билдирди

02:00. Каза тапкан эки жай адам, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – кайын энеси жана күйөө баласы экендиги маалым болду.

02:20. Болжол менен ушул маалда коюлган курчоо алынып, эвакуация болгонго жетишип калгандар үйлөрүнө кайтып келе баштады. 

02:45. Кылмышкер Алтынбек Итибаев жашынып, атышкан батирден тартылган видео кадрлар келип түштү

Ошентип, №50 түрмөдөн тогуз кишинин качышы менен он бир күн мурун түндөп башталган бул окуя 22-октябрдын түнү аяктады. 

Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып, ал беш күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болду.

ИИМ башчысы Итибаевди жок кылуу боюнча операциянын жообун өз мойнуна алууга даяр
Атайы операция учурунда качкындары бешөө кармалып, төртөө изин суутуп кетүүгө үлгүргөн. 16-октябрда издөө иш-аракеттеринен улам, Бишкектин чет-жакасындагы "Дордой-1" жаңы конушунан кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев, андан бир нече күндөн кийин 20-октябрда алардын бири Азамат Мусуралиев табылып, жок кылынган. Ал эми кечээ түшкө жакын издөөдөгү үчүнчүсү Эдил Абдрахманов кармалып, жалгыз Алтынбек Итибаев табыла элек болчу.

Абактан качкан тогуз кишиден азыр үчөө гана тирүү калды — алар издөөдө жүрүп, жалгыз тирүү кармалып, санынан жаракат алган Эдил Абдырахманов. Андан сырткары, качкандын эртеси эле колго түшкөн — Музафар Уринов жана Болот Курбанов. 

Бул тогуз адам 11 күндүн ичинде Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринин жана ИИМдин бир кызматкеринин, жана дагы эки жай адамдын канына забын болду. Кылмышкердин айынан, кечээги курман болгон ИИМдин офицерининин балдарын кошкондо 13 бала атасыз, жетим калды. 

Андан сырткары, издөө иштерине күч структураларынын оңбогондой каражаты жана күчү жумшалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0