Табылган Калашников автоматы жана ок салуучу магазиндери.

Токмокто бузулган наабайканадан Калашников автоматы табылды

103
(жаңыланган 13:07 26.10.2015)
Курал-жарак ок-дарысы менен кошо УКМКнын терроризмге, диний экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында табылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Токмок шаарында табылган Калашников автоматы менен бирге ок-дары аныкталганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, курал-жарак бузулган наабайкананын аймагындагы бетон плитасынын алдынан алынган. Полиэтилен кабына салынган 7,62 миллиметр калибрлүү автоматтын сериялык номери өчүрүлгөн. Мындан тышкары, эки магазин жана 7,62 калибрлүү ок табылган.

Учурда курал-жарактын табылышы боюнча материалдар УКМКнын тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Муну менен бирге ок-дарынын мыйзамсыз сакталышына тиешеси бар адамдарды тактоо жана издөө иштери башталды.

103
Белгилер:
наабайкана, автомат, курал-жарак, УКМК, Токмок
Тема боюнча
"Дордойлуктар" менен "Энесайлыктар" мынча автоматчаны көргөн эмес
Бишкекте автоунаасына автомат жана 109 ок салып жүргөн киши кармалды