Түркиянын Анталия шаарында автобус ала салып, кыргызстандык беш жаран жаракат алды

© flickr.com / Matt PerreaultТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, кыргызстандык эки жарандын абалы оор.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Анталиянын Кемер өрөөнүндө ишемби күнү, 24-октябрда кичи автобус ала салып кетип, 12 киши жаракат алды. Алардын бешөө Кыргызстандын жараны экенин Түркиянын Haberler сайты маалымдады. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы тогуз айдын ичинде жол кырсыгынан 774 адам каза болгон
Маалыматка ылайык, кичи автобустун ичинде мейманкада иштегендер болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар Кемердин ооруканасына жеткирилди. Түрк басылмасвнын маалыматына караганда, жабыркаган кыргызстандыктар төмөнкүлөр:

Destan Bekdenof (Дастан Бектенов), Bekzat Dilek Dilektoğlu, (Тилек уулу Бекзат), Nirbekt Sunaaliyev (Нурбек Сүйүналиев), Arslan Kulov (Арслан Кулов) жана Bekbol Bakytbek Uulu (Бакытбек уулу Бекбол). 

Учурда Арслан Кулов менен  Бакытбек уулу Бекболдун абалы оор экени айтылууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда кырсыктан жабыркагандар боюнча маалыматтарды тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0