УКМК Сокулукта айдоо жери жеке жаранга мыйзамсыз берилгенин аныктады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулукта 2014-жылы айыл өкмөтү менен Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилиги жең ичинен сүйлөшүп алып, айыл чарбалык максатта колдонулчу жерди жеке турак-жай үчүн бөлүп беришкен.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө айыл чарба жер тилкесин жеке адамдын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берилген факты аныкталганын УКМК билдирди.

Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда айдоо жерлери жеке жактарга мыйзамсыз өтүп кеткен
Маалыматка ылайык, 2014-жылы айыл өкмөтү менен Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жетекчилиги жең ичинен сүйлөшүп алып,  1,76 гектардык жер аянтын жеке турак-жай куруу үчүн аталган аймактын жашоочусуна өткөрүп берген. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Жер мыйзамын бузуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0