Бишкектеги ден соолукту чыңдоо комплексинде чыккан өрттүн себеби такталууда

Жазылуу
Өрттүн кесепетинен имараттын 300 чарчы метр чатыры күйүп кеткен.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ишемби күнү, 24-октябрда Бишкектеги "Тартуга" ден соолукту чыңдоо-спорт комплексинде чыккан өрттүн себеби такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, аталган комплексте өрт ишемби күнү, 24-октябрда чыккан болчу.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен имараттын 300 чарчы метр болгон жыгач устундуу, темир жабылган чатыры күйүп кеткен. Андан сырткары, мончо, пластик капталган чечинүүчү жай, шкафтар күйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0