Жок кылынган кылмышкерлердин туугандары митингге чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКачкындарды издөө учурунда. Архив
Качкындарды издөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМК терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон жарандардын сөөгү жакындарына берилбей турганын эскертти.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 50-түрмөдөн качып кармоо учурунда өлтүрүлгөн кылмышкерлердин туугандары Жаза аткаруу мамлекеттик кызмат имаратынын жанында митингге чыгышканын аталган мекеме билдирди.

Абак кызматкери эшик жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: тирүү калган качкын кылмышкерлердин ар бири өзүнчө камерада отурат
Маалыматка ылайык, нааразы болгондор, болжол менен 20 киши каза болгондордун сөөгүн берүүнү талап кылууда.

ЖАМК мыйзамга ылайык, терроризм менен экстремизмге күнөөлөнүп өмүрүнүн аягына чейин соттолгон жарандардын өлүгү берилбей турганын, аларды таанууга туугандары да киргизилбеcтигин эскертти.

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрына караган түнү 50-түрмөдөн качып чыккан тогуз кылмышкердин бешөө ошол эле түнү кармалган. Из жашырууга үлгүргөн төрт качкындын үчөөнүн көзү тазаланып, бирин милиция кызматкерлери кайра кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0