Калашников автоматын 10 жылдан бери үйдүн чатырында каткан жаран кармалды

© flickr.com / Geoffrey FairchildКалашников автоматы. Архив
Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин жаңы конушунун тургуну курал-жаракты 2005-жылы март айында талаадан таап алганын билдирген. Бул тууралуу анын үй-бүлөсүнүн кабары жок болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунан Калашников автоматын жана бир катар ок-дарыларды мыйзамсыз сактап келген жашоочу кармалганын ИИМ билдирди.

Токмокто бузулган наабайканадан Калашников автоматы табылды
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда 48 жаштагы тургундун үйүнөн АК-47 Калашников автоматы менен бирге үч магазин, үч ок жана анын бир бычагы табылган. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран курал-жаракты 2005-жылдын март айында үйүнүн жанындагы талаадан таап алганын билдирген. Пакетке салынган ок-дарыны ал үйүнүн чатырында сактап келген. Табылга тууралуу жарандын үй-бүлөсү билген эмес.

Учурда тергөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

ИИМ мыйзамсыз сакталган ок-дары, курал-жаракты өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген жарандарга сыйлык берилерин, ал эми жаап-жашырып келгендер кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0