Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин мурунку директору Дүйшөн Сатыбалдиев. Архив

Издөөгө алынган атка минер Дүйшөн Сатыбалдиев кармалды

121
(жаңыланган 18:38 28.10.2015)
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин директорлук кызматын аркалаган Сатыбалдиев Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзгөн деп айыпталууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жасаган кылмышы үчүн издөөгө алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментинин мурунку директору Дүйшөн Сатыбалдиев кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев ага карата кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Республиканын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана келишимдерди түзүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгондон кийин качып кеткен. Мындан улам ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Сатыбалдиев Бишкек шаарынан кармалган.

Учурда ал кийинки тергөө иштери үчүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мекеме Сатыбалдиев бүгүн убактылуу кармоочу жайга киргизилерин белгилейт.

Буга чейин ал "Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер болуп катталып, буга байланыштуу премьер-министрдин буйругу менен кызматынан бошотулган.

121
Белгилер:
Дүйшөн Сатыбалдиев, кылмыш иши, келишим, мыйзам, издөө
Тема боюнча
ИИМ "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Сатыбалдиевге издөө жарыялады
Сотрудник МЧС КР в аэропорту Манас, где спецборт доставил тела погибших кыргызстанок в пожаре в Москве

Кегетидеги Көл-Төргө чыккан кореялык турист көз жумду

1
(жаңыланган 20:41 04.12.2021)
Чет өлкөлүк туристтин эч-учун жоготуп жыгылганы боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй районундагы Кегети капчыгайынын жогору жагында жайгашкан Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматта чет элдик турист 70 жашта экени айтылат. Анын белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп жыгылганы тууралуу кабар ӨКМдин 112 кызматына саат 13.22лер чамасында түшкөн.

Жерине тартылган Токмок шаарынын төрт куткаруучусу сөөктү түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

1
Белгилер:
Чүй облусу, Кегети капчыгайы, Көл-Төр, сөөк, ӨКМ, ИИМ, турист
Тема боюнча
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

50
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

50
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео