Учактын канаты. Архив

Египеттен сапар алган россиялык учак кулап түшүп, сыныктары табылды

152
(жаңыланган 14:25 31.10.2015)
Росавиациядан "Шарм эш-Шейх — Санкт-Петербург" рейси менен чыкккан "Когалымавиа" компаниясына тиешелүү Airbus-321 лайнери 23 мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй калгандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 31- окт. — Sputnik. Россиялык жүргүнчү ташыган учактын сыныктары ишемби күнү Египеттин Синай жарым аралынан табылды. Бул туурасында "Йоум7" порталы билдирди.

"Шарм эш-Шейх — Санкт-Петербург" аба каттамы менен чыккан учак 217 кишиси менен радардан жок болуп кеткен. 

Аталган порталдын маалыматында,египеттик коопсуздук кызматтары кырсык болгон жерди курчап, жарым аралга жакын жайгашкан Эль-Ариш шаарынан жыйырмага жакын "Тез жардам" жөнөтүлдү. Алар элди ал жерден ташып чыкмакчы.

Буга чейин Росавиациядан "Шарм эш-Шейх — Санкт-Петербург" рейси менен чыккан "Когалымавиа" компаниясына тиешелүү Airbus-321 лайнери 23 мүнөттөн кийин радардан көрүнбөй жаткандыгын кабарланган. 

Египеттик "Масрави" интернет-порталы жергиликтүү авиация жоголгон россиялык учакты издөө операциясын баштагандыгын билдирди.

Лайнер абага көтөрүлгөндөн кийин учкуч диспетчерге техникалык жактан көйгөй болуп жатканын билдиргендигин Шарм-Эш-Шэйхтеги булактар билдирген деп жазды РИА. Анын Каирге конууга уруксат сураганы да айтылууда.

152
Белгилер:
Египет, учак, кырсык, радар
Тема:
Синай авиакырсыгы. Жарандык учактын кыйрашы (9)
Тема боюнча
Түркиянын Анталия шаарында автобус ала салып, кыргызстандык беш жаран жаракат алды
Дарбазачыга гол кирип атат. Иллюстративдик сүрөт

Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн машыктыруучунун жүрөгү кармап каза болду

11
(жаңыланган 18:55 04.12.2021)
Көз жумган машыктыруучунун командасы чечүүчү голду киргизген. Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялап, машыгуулар менен оюндарды жылдырган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Египетте гол киргенине катуу сүйүнгөн башкы машыктыруучунун жүрөгү кармап көз жумду. Бул тууралуу Gulf News басылмасы жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от نادي المجد السكندري (@almagdsportsclub)

Окуя Египеттин экинчи дивизионунун оюндарында болгон. "Аль-Мадж" клубу мелдештин 93-мүнөтүндө чечүүчү топту киргизип, оюнчулар менен машыктыруучулук штаб жеңишти майрамдаган. Бөтөнчө клубдун башкы машыктыруучусу Эль-Сельхедар маңдайы жарыла сүйүнгөн.

Оюн кайрадан уланган, көрүүчүлөрдүн көңүлүн эси ооп жыгылган машыктыруучу бурган. Ал жактагы медиктер көмөктөшүп, андан кийин Тез жардам кызматын чакырганы менен ооруканага жетпей көз жумган. Дарыгерлер жүрөгү токтоп калганын айтышкан. Ал 53 жашта болгон.

Клуб алты күндүк аза күтүү жарыялаган. Команда машыгууларын токтотуп, оюндарды жылдырган.

11
Белгилер:
Египет, футбол, оюн, машыктыруучу, өлүм
Тема боюнча
Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео
Полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Москвада ок жеген кыргызстандык таксист: шектүү эки айга камалды

31
(жаңыланган 18:15 04.12.2021)
Маалыматка караганда, аткан киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок полиция аны колго түшүрдү. Жергиликтүү ЖМКлар ал мурда дагы соттолгонун жазууда.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Москвада кыргызстандык таксистке ок чыгарган айдоочу 3-февралга чейин камакка алынды. Бул тууралуу RT кабарлады.

Мындай чечим бүгүн кабыл алынган.

Бишкек шаарында асманды көздөй ок чыгарган уландын тапанчасы
© Фото / пресс-служба УВД Ленинского района Бишкека
Окуя Чоң Грузин көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, таксист оң тарапта авариялык жарыкты жандырып турган. Ал жүргүнчүнү күтүп турушу мүмкүн экени айтылууда. Ал эми Cadillac Escalade унаасынын айдоочусу өтө албай калган. Мындан улам экөө айтыша кеткен. Натыйжада жолтандабастын айдоочусу тапанча менен таксистти көздөй бир нече ирет ок чыгарган.

Жабырлануучу 23 жаштагы Алманбет Абдрахманов учурда ооруканада.

Маалыматка караганда, аткан киши окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок полиция аны колго түшүрдү.

РЕН ТВ телеканалынын маалыматына караганда, жолтандабастын айдоочусу Дмитрий Махалов мурда соттолгон. 2009-жылы ал уурулук боюнча кылмыш ишинин фигуранты болгон. Ага чейин эки жыл мурда мушташып жатып, каршылашын отвертканын формасындагы брелок менен төшкө сайганы айтылууда.

31
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, таксист, кол салуу, шектүү, полиция
Тема боюнча
Москвада кыргызстандык таксистке ок атылды. Окуя видеого түшүп калган