Чүй ИИББдин жетекчилиги Чалдовардагы пикетчилер менен жолугууда

Жазылуу
Ишемби күнү кечинде пикетчилер Чалдовар айылындагы Казаксатнды карай кетчү жолду тосуп алышкан. Бир канча саат бою айдоочулар коңшу мамлекетке өтө алышкан эмес.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Чүй ИИББ менен Панфилов РИИБдин жетекчилиги пикетчилер менен жолугуу үчүн Чалдовар айылында жүрүшөт. Бул тууралуу облустук ИИББдин нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти.

Ишемби күнү кечинде 50дөй жергиликтүү тургун пикет өткөрүп, жолду жаап салышкан. Анын кесепетинен бир канча саатка автотыгын пайда болгон. Алар Чалдовардын бир тургуну милиция бөлүмүнөн каза болгонуна нааразы болуп, пикетке чыгышкан.

"Жергиликтүү тургундар жарандын каза болушуна милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтып, алардын жазага тартылышын талап кылышкан", — деп нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти.

Учурда жол ачылды, машиналар ээн-эркин жүрүүдө. Жергиликтүү тургундар менен айылдын аксакалдары да сүйлөшүп, жагдайды жайгарууга аракет кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0