Рейд учурунда табылган куралдар текшерүүгө жиберилди

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дарыларды аныктоо максатында республика боюнча "Арсенал" рейди 27-30октябрь күндөрү өттү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жаткан "Арсенал" рейдинин жүрүшүндө курал-жаракты мыйзамсыз сактаган бир нече жарандар аныкталганын аталган мекеме билдирди.

Таласта сыр заводунан немис тапанчаcы табылды
Маалыматка ылайык, Бишкектин 20 жаштагы тургунунан белги берүүчү МР-371 тапанча табылса, Ош облусунун жашоочусунан да курал аныкталган. Мындан тышкары, Оштун Ноокат районунун жана Ысык-Көл облусунун 36 жаштагы жашоочулары 16 калибрлүү ИЖ-18 мылтыктары мыйзамсыз сактап келгени маалым болду.

Аталган фактылардын бардыгы боюнча иликтөө-тактоо иштери жүрүп жатат. 

Мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарыларды аныктоо максатында республика боюнча өткөн "Арсенал" рейди 27-октябрда башталып 30-октябрга чейин уланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0