Ош шаарында кутурган ит төрт кишини тиштеп, алар ооруканага түштү

Жазылуу
Кутурган ит тиштегендердин кичүүсү эки жаштагы бөбөк, улуусу 56 жаштагы аксакал болуп чыкты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын Учар айылында кутурма менен ооруган ит тиштеп жабыркаган төрт адам ооруканага жаткырылды. Окуя 1-ноябрь күнү саат 11:00лер чамасында болгон деп кабарлады ӨКМдин маалымат кызматы. 

Кутурган ит тиштегендердин кичүүсү эки жаштагы бөбөк, улуусу 56 жаштагы аксакал болуп чыкты.

"Кутурма ылаңына күмөндөлгөн кара ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге кол салып, тиштеп кете берген. Учардын тургундары Жапалак айылынын аймагында Ош — Ноокат автожолунда итти кууп жетишип, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Өлтүрүлгөн иттин денесин ветеринардык лабораториясынын адистери текшере келгенде кутурма дарты аныкталган", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кутурма дартынан Кара-Буура районунун тургуну каза болду
Ал эми учурда жабыркаган төртөө кутурмага каршы эмдөө алып, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Окуядан кийин "Ош-Тазалык" муниципиалдык ишканасынын мергенчилери тарабынан ит атуу иштери уюштурулуп, кутурган ит аралап өткөн көчөлөрдөн 17 ит атылып, жок кылынган.

Ош шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан атайын топ түзүлүп, кутурма оорусунун алдын алуу максатында "Жапалак" айыл аймактык башкармалыгында эл арасында кутурма оорусу боюнча эпидемияга каршы иш-чараларын жүргүзүү менен санитардык агартуу иштери күчөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0