Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашууда автотыгын жок

Жазылуу
Бейшемби күнү кечинде аталган кан Төө-Ашуу аймагында ири автотыгын пайда болгонун социалдык тармактын колдонуучулары жазышкан.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек – Ош кан жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда учурда автотыгын жоктугун Транспорт жана байланыш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, автотыгын кечинде пайда болгон. Учурунда чаралар көрүлүп, кеч курун автотыгын азайган.

"Учурда Төө-Ашууда эч кандай автотыгын жок. Жол эки тарапка тең ачык", — деп министрликтен билдиришти.

Кечээ кечинде социалдык тармактын колдонуучулары Бишек – Ош кан жолунда ири автотыгын пайда болуп, айдоочулар сааттап жолдон өтө албай тургандыктарын жазышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0